Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №67/10-9
«Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-2025-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматы»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2- бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназиранын 2024-2025-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардык билим берүү бөлүмүндө бүгүнкү күндө 1 жалпы билим берүүчү инновациялык, 5 орто мектеп, мектепке чейинки 4 мекеме, 1 мектептен тышкаркы мекеме, 1 окуу-усулдук кабинети бар.
2024-2025-жылында 205 класс комплектиде 5855 окуучу, (башталгыч билим берүү баскычында 93 класс комплектисинде 2712, негизги билим берүүчү баскычында 91 класс комплектисинде 2667, орто билим берүүчү баскычында 21 класс комплектисинде 476) билим алышат.
Мектепке чейинки 4 мекеме- “Келечек”, “Баластан” жана “Байчечекей”, “Алтын Казык” балдар бакчаларында жалпы 928 бала тарбияланган.
Мектептен тышкаркы 1 мекемеде БЧҮ (балдар чыгармачылык үйүндө) 21 кружокто 942 окуучу тарбияланат.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы 11 билим берүү мекемелеринде, бүгүнкү күндө 416 мугалим жана тарбиячылар эмгектенүүдө. Анын ичинен жогорку билимдүүсү -323, бүтпөгөн жогорку -15, атайын орто-77, орто билимдүүсү-1. Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси 84 мугалим.
Кара-Көл шаардык БББмү усулдук иш-чараларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктардын негизинде алып барат. Шаардык, областтык, предметтик семинарлар өткөрүлүп турат.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-2025-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы
Гүлназиранын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К. Субаналиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназирага окуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ШБББнө (Кыргызбай кызы Гүлназира), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.К.Субаналиева) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |