Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 29-47
Кеңеш айылындагы төрөлгөн
үч-эм жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кеңеш айылында үч-эм төрөлгөндүгү жөнүндө Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кеңеш айылынын тургуну жаш үй бүлө 2025-жылдын 3-июлунда үч-эм жарык дүйнөгө келген наристелерге сый урмат көрсөтүү максатында айыл өкмөт бюджетинен 60 миң (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Т.Жусупбековага акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Социалдык-маселелер, жаштар, спорт, маданят жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрайымы Кулайым Жакыповага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Абдувалиев |