Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №68/10-9
«Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балансында турган “ Тойота Пассо” үлгүсүндөгү 2005-жылы чыгарылган, мамлекеттик № 0734 DU жеңил автоунааны Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О. Орозбаевдин Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балансында турган “ Тойота Пассо” үлгүсүндөгү 2005- жылы чыгарылган, мамлекеттик № 0734 DU жеңил автоунааны Кара- Көл шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери , ошондой эле бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балансында турган “ Тойота Пассо” үлгүсүндөгү 2005- жылы чыгарылган мамлекеттик № 0734 DU жеңил автоунааны Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (Т.М.Доулдаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |