Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №70/10-9
«Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы Кара-Көл шаарынын аскер комиссариатынын оперативдик башкаруусуна берилген имаратты 762 чарчы метр аянты менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы Кара-Көл шаарынын аскер комиссариатынын оперативдик башкаруусуна берилген имаратты 762 чарчы метр аянты менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө шаардын мэринин орун басары М.А.Абдыкалыковдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11- сатьясынын негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы Кара-Көл шаарынын аскер комиссариатынын оперативдик башкаруусуна берилген имаратты 762 чарчы метр жер аянты менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (Т.М.Доулдаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ШММБна (Т.М.Доулдаев), ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев ) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |