Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №71/10-9
«Кара-Көл шаарынын экономикалык пландаштыруу зоналары жана аларга жер салыгын салуу үчүн коэффициенттерди (К3) белгилөө жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин” 404-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналык коэффициентинин (К3) 0,3төн 2,0 өлчөмгө чейин карап берүү жөнүндө шаардык мэриянын аппарат жетекчиси А.Т.Анарбаеванын кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдаланууда экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөндөгүдөй зоналарга бөлүнөрү бекитилсин:
I зона – 1,6; II зона -0.8; III зона – 2,0;
I зона: Ош-Бишкек жолунун жол огунан 100 метр аралыкта жайгашкан соода-сатык объектилери, коммерциялык негиздеги тейлөө ишканалары жана коомдук тамактануу жайлары, Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя, Канат, Ак-Шар, Чоң-Таш, Кайыңды, Жээн- Кыштоо, К.Кулданбаев, Ак-Таш көчөлөрү жана башка шаар ичиндеги көчөлөр,
II зона: Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү аймагындагы жерлер (I-III зоналарында көрсөтүлгөн аймактардан сырткары)
III зона: Жазы-Кечүү аймагынын цемент заводуна караштуу жерлер (49.24 га)
2. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участогун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенти (Кз) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Т.М.Уметов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |