Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/6
Өзгөн шаарына демөөрчү тарабынан бөлүнүп берилген 5,0 млн сом акча каражатын каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7- июлундагы отурумунун №6 чечимин жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 4-июлундагы №01-06/692 катын эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарына демөөрчү тарабынан бөлүнүп берилген 5,0 млн сом акча каражатынан 1 904 452 сомун Өзгөн шаарындагы З.М. Бабур атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан спорт залын курулуш иштерине жана 3 095 548 сомун К.Датка атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине каржылоого макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын максаттуу, мыйзамдуу жана өз убагында пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |