Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрындагы №74/11-9
«Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондуна берилүүчү гранттарга долбоорлорду бекитүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэрдин орун басары М.А.Абдыкалыковдун Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан берилүүчү гранттарга долбоорлорду бекитүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондуна берилүүчү гранттарга долбоорлор тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан 2026-жылга даярдалган Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунун долбоорлоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен үлүштүк каражаттар 2026-жылга шаардык бюджеттен 6571,1 миң сомго макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А. Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |