Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги N 239 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы мамлекеттик менчикте турган жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга ижара шарттарында пайдаланууга берүү эрежелерин аныктайт.
2. Коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн парк-пляж зоналарын жеке жана юридикалык жактарга ижара шартында пайдаланууга берүү укугуна жергиликтүү мамлекеттик администрация ээ болот.
3. Коомдук пляждар жана муниципалдык коомдук пляждар "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын өзөк зонасындагы жерлерди кошпогондо, жалпы пайдалануудагы парк-пляж зоналарынын аймагында уюштурулушу мүмкүн.
4. Коомдук пляждар жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна ижара келишимине ылайык ижара шарттарында беш жылга чейинки мөөнөткө берилет.
5. Парк-пляж зонасынын жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн парк-пляж зоналар он жылга чейинки мөөнөткө түз келишим түзүү аркылуу ижара шартында берилет.
7. Токой чарбаларынын жана башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган парк-пляж зоналарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимине ылайык аныкталат.
8. Парк-пляж зонаны пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан бекитилген Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасына ижара келишимин түзүү укугуна ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталат.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрация ижарага алуучулар тарабынан ижара акысын өз убагында төлөнүшүн эсепке алат жана келишимдин аткарылышын контролдойт.
10. Ижара акысы кирешелердин бекитилген бюджеттик классификациясынын тиешелүү элементи боюнча республикалык бюджеттин кирешесине Бирдиктүү казыналык эсепке төлөнөт.
11. Парк-пляж зонасынын ижарасынан алынган киреше республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери болуп саналат.
12. Ижара келишими аткарылбаган учурда ижарага берүүчү ижара келишимин бир тараптуу тартипте бузууга жана парк-пляж зонасын конкурска коюуга укуктуу, конкурстун жыйынтыгы боюнча келишим түзүүдөн баш тартылган учурда, талапкер тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүм кайтарылбайт.
13. Муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилген парк-пляж зоналарды пайдалануу үчүн ижара акысы экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, архитектуралык жана ижара келишиминде каралган башка шарттарды камсыз кылуунун эсебинен төлөнөт.
14. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
ижарага берүүчү - коомдук пляжды жана муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляждык зонасын ижара шартында пайдаланууга берүүчү жергиликтүү мамлекеттик администрация;
ижарага алуучу - ушул Тартипке ылайык коомдук пляжды же муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн ижара келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
ижара келишими - ижарага берүүчү менен ижарага алуучунун ортосундагы мамлекеттик менчиктеги парк-пляж зонасын ижара шартында убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим;
өтүнмө ээси - коомдук пляжды же муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын убактылуу пайдаланууга алуу ниетин жазуу жүзүндө билдирген жеке же юридикалык жак;
конкурс - ушул Тартипке ылайык өтүнмөлөрдү кароо жол-жобосу;
муниципалдык коомдук пляж - экологиялык талаптарга ылайык атайын бөлүнгөн техникалык зонасы жана сууга түшүү зонасы менен эс алууну уюштуруу жана рекреациялык кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына пайдаланууга берилүүчү парк-пляж зонасы;
коомдук пляж - экологиялык талаптарга ылайык атайын бөлүнгөн техникалык зонасы жана сууга түшүү зонасы менен эс алууну уюштуруу жана рекреациялык кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо жеке же юридикалык жактарга ижара шартында берилген парк-пляж зонасы;
парк-пляж зонасы - Ысык-Көлдүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак;
жер участогун (парк-пляж зонасын) түзүү - шаар куруу, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана башка ченемдердин талаптарын аныктоого, анын ичинде коомдук пляжды уюштуруу максатында аны ижарага берүү үчүн жер участогунун чек араларын белгилөөгө багытталган жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан аймактык архитектура жана курулуш органы менен биргеликте ишке ашырылуучу укуктук, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплекси.