Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/7
Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарындагы борбордук стадионуна кошумча жол куруу үчүн акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-июлундагы №7 чечимин жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 01-06/805 катын эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы борбордук стадионуна кошумча жол куруу үчүн Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 3796,5 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |