Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/8
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомунун 1-пунктундагы “30” деген сан тийиштүү тартипте “45” деген санга алмаштырылсын.
2. Өзгөртүлгөн жаңы тариф 2025-жылдын 1-сентябрынан ишке киргизилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |