Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/9
Өзгөн шаарынын 2025-2030-жылдарга мастер планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17январындагы № 18-т тескемеси менен бекитилген 2025-жылга иш-аракеттер планынын 190-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-июлундагы протоколунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2025-2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү мезгилге иштелип чыккан мастер планынын долбоору жактырылсын.
2. Өзгөн шаарынын 2025-2030-жылдарга иштелип чыккан мастер планынын аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Ы.Таевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |