Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрындагы №75/11-9
«Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсүнүн Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсүнүн №41/1 дарегинде жайгашкан бош турган административдик имаратын 801, 7 чарчы метр жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6- сатьясынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсүнүн Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсүнүн №41/1 дарегинде жайгашкан бош турган административдик имаратын жана 801, 7 чарчы метр жер тилкесин акысыз өткөрүп берүү жолу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( Т.М.Доулдаев ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |