Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 59
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө
Жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына белгилүү даталарга карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
|
Б.Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 59 токтомуна 2-тиркеме |
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын берилүүчү бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү
№ | Белгилүү даталар | Бир жолку материалдык жардам алуу укугуна ээ болгон жарандардын критерийлери | Акчалай төлөмдөр (сом) Департамент аркылуу | Акчалай төлөмдөр (сом) СӨБ аркылуу |
1 | Афганистан Демократиялык Республикасынан советтик аскерлерди чыгаруу күнү | Афганистанда согуш аракеттеринин мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, контузиянын, оорунун кесепетинен курман болгон же өлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү |
| 15000 |
Афганистанда же согуш аракеттери жүргөн башка мамлекеттерде аскердик кызматты өтөө учурунда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон мурунку аскер кызматчылары |
| 10000 | ||
башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине катышкандар |
| 5000 | ||
2 | Ата Мекенди коргоочулар күнү | - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары; - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары; - концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундары; - "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган адамдар | 3000 | 2000 |
3 | 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда КМШнын чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларын урматтоо күнү | 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучулары |
| 2000 |
4 | Элдик Апрель революциясы күнү | Талас облусунда 2010-жылдын 6-апрелинде, Бишкек жана Нарын шаарларында 2010-жылдын 7-апрелинде, Жалал-Абад облусунда 2010-жылдын 13, 14, 19-майында жана 2010-жылдын июнь айындагы Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларда (мындан ары - апрель окуялары) каза болгондордун үй-бүлөлөрү |
| 10000 |
Апрель окуяларында алган жаракаттарынын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп таанылган адамдар |
| 5000 | ||
Элдик Апрель революциясынын катышуучулары |
| 2000 | ||
5 | 26-апрель Чернобыль АЭСиндеги (ЧАЭС) авария күнү | - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар |
| 5000 |
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, өлгөн майыптардын үй-бүлөлөрү |
| 10000 | ||
6 | 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү | - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары; - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары; - концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундары; - "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган адамдар | 40000 | 20000 |
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өзүнүн жан аябас эмгеги жана тылда кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССР ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар; - Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланып, кийин реабилитацияланган жарандар; - Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү; - Улуу Ата мекендик согуштун өлгөн майыптарынын жана аларга теңештирилген майыптардын, ошондой эле өлүп калган согуштун катышуучуларынын жесирлери | 10000 | 10000 | ||
7 | Кыргыз Республикасындагы Энелер күнү | "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланган жарандар |
| 1000 |
8 | Балдарды коргоонун эл аралык күнү | майыптыгы бар балдар жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар |
| 1000 |
жетим балдар |
| 2000 | ||
9 | Эл аралык карылар күнү | СӨБдө каттоодо турган кары жарандар |
| 1000 |
узак жашоочулар (100 жаш жана андан улуу) |
| 5000 | ||
50 жыл жана андан ашык бирге жашаган үй-бүлөлөр |
| 2000 | ||
10 | 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда курман болгондорду урматтоо жана эскерүү күнү | 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондордун үй-бүлөлөрү |
| 10000 |
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында алган жаракатынан улам майып болуп калган аскер кызматкерлери |
| 5000 | ||
1999-2000-жылдары Баткен облусунда согуштук аракеттердин катышуучулары |
| 2000 | ||
11 | Кыргыз Республикасындагы Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү | Кыргыз Республикасында 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын балдары | 5000 |
|
12 | Эл аралык майыптар күнү | майыптыгы бар адамдар | 3000 | 1000 |