Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрындагы №76/11-9
«Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган батирлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине акысыз өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-сатьясынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган муниципалдык батирлерди- Серый көчөсүнүн № 18-үйүнүн 8- батирин жана Серый көчөсүнүн № 7-үйүнүн 47- батирин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл бөлүмчөсүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык батир катары пайдаланууга акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 34/7-9 сандуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( Т.М.Доулдаев ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |