Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 26
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына (мындан ары- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тобе-2 участкасында лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2018-жылдын 25-июлундагы №1 келишимдеги №6109 CE лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2018-жылдын 25-июлундагы берилген №6109 СЕ лицензиясынын жана № 1 лицензиялык макулдашуунун негизинде көмүр казууга Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тобе-2 участкасынан 5,04га жеринен көмүр казууга макулдук берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70 % (жетимиш) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |