Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 27
Эркин-Тоо айылынын тургуну Абдиев Заирбек Тыныбековичке жеке менчикке тегирмен куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогунун максаттык багытын турак- жай участкасынына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Эркин-Тоо айылынын тургуну Абдиев Заирбек Тыныбековичке жеке менчикке тегирмен куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогунун максаттык багытын турак- жай участкасынына өзгөртүүгө макулдук берүу жөнүндө 2025-жылдын 11-июлунда жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын тургуну Абдиев Заирбек Тыныбековичке “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2004-жылы 3-май айынын Ч № 380778-сандуу каттоосу менен берилген жеке менчикке тегирмен курууга берилген идент. коду; № 5-06-09-1005-0335 номериндеги жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |