Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 28
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Байрак айылындагы Т.Бөрүбаев орто мектебин капиталдык ремонттоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатыын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилкитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагынын социялдык-экономикалык өнүгүу программасынын негизинде Кызыл-Байрак айылындагы Т. Бөрүбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо максатында, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Кызыл-Байрак айылындагы Т. Бөрүбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоого 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин жылдын башында бекитилген төмөндөгү айрым бөлүкчөлөрдүн статьяларынан өздүк салым үчүн акча каражаттары чыгаша бөлүктү планына өзгөртүу киргизилсин.
1. 4407021251010504 2222стаьясынан -30,0 миң сом
3112 статьясынан -40,0 миң сом
2. 4407021251021214 2222 статьясынан -20,0миң сом
3. 4407021251010807 2215 статьясынан -200,0миң сом
2222 статьясынан -200,0миң сом
3111 статьясынан +1260,0 миң сом
5. 44070212510110605 2221 статьясынан -20,0 миң сом
6. 4407021251015756 2221 статьясынан -150,0миң сом
2. Кызыл-Байрак айылындагы Т. Бөрүбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоо боюнча каралган акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өздүк салым катары жумшаалары белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |