Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрындагы №77/11-9
«2045-жылга чейинки мезгилге Кара-Көл шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарын келечектүү өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү, шаар калкынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, шаарды план ченемдүү өнүктүрүүгө байланыштуу шаар курулуш иштерине бардык субьекттердин кызыкчылыктарын мыйзам чегинде укуктук жактан коргоо максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын курулуш , архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан 2045-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Кара-Көл шаарынын башкы планы бекитилсин.
2. Жазы-Кечүү айылын, Сары-Булак, Көк-Бел, Оот калктуу конуштарын Кара-Көл шаарынын башкы планына киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев) Кара-Көл шаарынын территориясын деталдуу пландоонун долбоорун иштеп чыгуу маселесин Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментине сунуштасын.
4. Кара-Көл шаарына караштуу Жылаңач-Булак калктуу конушун жана Кетмен-Төбө шаарчасын Кара-Көл шаарынын башкы планына киргизүү иштерин жүргүзүү Кара-Көл шаарынын мэриясына ( Н.О.Орозбаев) жүктөлсүн.
5. Бекитилген башкы пландын негизинде Кара-Көл шаарында архитектуралык жана шаар куруу иш-чараларын жүргүзүү Кара-Көл шаарынын мэриясына ( Н.О.Орозбаев), Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Бокоев У.Ш.) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалына ( С.Т.Батыркулова) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), Кара- Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгына ( Бокоев У.Ш. ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |