Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 29
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан мектепке маркум Кубатов Кушбактын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 27-июндагы №1 келишимдеги №7662 CE лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын 2025-жылдын 27-июлундагы № 1-протоколуна ылайык Карчабек айылынын айыл башчысы Мурзакматов Эсенбектин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Карчабек айылындагы жалпы элдик жыйындын токтому бекитилсин жана Карчабек айылындагы жаңы курулуп бүткөн мектеп ачылсын.
2.Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектебине Карчабек айылынын тургуну маркум Кубатов Кушбактын ысымы ыйгарылып, “Кубатов Кушбак атындагы орто жалпы билим берүүчү мектеп” деп атоого макулдук берилсин.
3.Карчабек айылындагы мектепке көмүр-отун менен жергиликтүү бюджеттен камсыздоо жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4.Ушул токтомду бектип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн штаттык бирдиктерди ачып берүу жагы суралсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |