Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрындагы №78/11-9
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жана пландары жөнүндө маалыматы»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин
2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын башчысынын милдетин аткаруучу С.Т. Батыркулованын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жана пландары жөнүндө маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жана пландары жөнүндө мекеменин башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Батыркулованын маалыматы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалына ( С.Т.Батыркулова), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |