Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 31
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Эркин-Тоо айылынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 1-сандуу элдик жыйындын чечимине ылайык Эркин-Тоо айылынын тургуну Акжолов Таштан жана Кызыл-Чарба айылынын 2025-жылдын 10-июндагы № 2-элдик жыйынынын чечимине ылайык Кызыл-Чарба айылынын тургуну Нурмаматова Роза Калиловна, Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат
1. Эркин-Тоо айылынын тургуну ардагер Акжолов Таштан жана Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер Нурмаматова Роза Калиловна Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |