Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрындагы №79/11-9
«Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги У.Ш.Бокоевдин 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө У.Ш.Бокоевдин маалыматы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына Кара-Көл шаарынын архитектуралык көрүнүшүн иретке келтирүү, шаар курулушундагы баш аламандыкты жөнгө салуу, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жаатында иштерди күчөтүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (У.Ш.Бокоев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |