Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 32
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасында лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 24-февралындагы №2 келишимдеги №7580 CР лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2024-жылдын 24- ноябрында берилген №7580 СР лицензиясынын жана №2-лицензиялык макулдашуунун негизинде ОсОО “Чокмор эки” ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан 10,30га жеринен көмүр казууга макулдук берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70 % (жетимиш) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |