Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 33
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы Ж.Эсеналиев көчөсүнө асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Эркин-Тоо айылындагы Ж.Эсеналиев көчөсүнө бир чакырым асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылындагы Ж.Эсеналиев көчөсүнө асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фонд аркылуу асфалть төшөөгө макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы жана Ж.Эсеналиев көчөсүнө бир чакырым асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 11714000 (он бир миллион жети жүз он төрт миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |