Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 36
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Эркин-Тоо айылынын күн чыгыш тарабындагы маркумдар коюлуучу мүрзө толуп клгандыгына байланыштуу мамлекеттик фондунун жеринен трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Эркин-Тоо айылынын күн чыгыш тарабындагы маркумдар коюлуучу мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу мамлекеттик фондунун жеринен 1,0га жер тилкесин маркумдар коюлуучу мүрзөөгө трансформациялоого макулдук берүү боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Эркин-Тоо айылынын күн чыгыш тарабындагы маркумдар коюлуучу мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу мамлекеттик фондунун жеринен 1,0га жер тилкесин маркумдар коюлуучу мүрзөөгө бир багыттан экинчи багытка которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушу токтомдон келип чыккан иш чараны аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |