Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат”мамлекеттик мекемеси менен Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына, “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлеккеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин (мындан ары - Келишим) түзүү жөнүндөгү 2025-жылдын 02-июнундагы №4767 сандуу катынын негизинде аракеттенген директор У.М.Камбаров менен Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Берикбаев Бактыбек Султанбекович менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү сунушун карап, кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансфорттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат”мамлекеттик мекемеси менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы (Р.Абдиллажанова) - келишиминде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жооптуу катчыны материалдык жана финансылык жактан колдоо камсыз кылынсын.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисин жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жөнөтүлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |