Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 3
Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан Тажик маала айылынын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары,айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаеванын Тажик-маала айылынын 2025-жылдын 06-апрель күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколу менен тааныштырып,Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 19-майындагы №03/1504 сандуу каты менен келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 14-апрелиндеги №01-13/357 сандуу катынын негизинде айылдын аталышы бир уруудагы адамдардын атына коюлуп калгандыгына байланыштуу өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилгендигине байланыштуу,Тажик-маала айылы көп жылдардан бери ар түрдүү улуттарды түзүп, ынтымакта,биримдикте жашап келгендиктерине байланыштуу, көпчүлүк жашоочулардын айылдын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 19-майындагы №03/1504 сандуу каты менен келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 14-апрелиндеги №01-13/357 сандуу катынын негизинде Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан Тажик-маала айылынын 2025-жылдын 06-апрелиндеги элдик жыйындын протоколу бекитилсин жана айылдын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун бир нускасы жана элдик жыйындын протоколу Кыргыз Республикасынын Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |