Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 4
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 13-июнундагы №01-01-4/1017 сандуу чыгыш каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн жетекчиси А.Мурзакуловдун Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө жарлыгынын алкагында бириккен аймактарды толук камтуу менен Ала-Тоо айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентинин (Кз) ар айылга ар түрдүү өлчөмдө көрсөтпөстөн жалпы Ала-Тоо айыл аймагына бирдиктүү өлчөмдөгү 1,5 (Кз) ставканы бекитип берүү жөнүндөгү сунушун сессияда кеңири карап, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунткуна ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн Ала-Тоо айыл аймагында бирдиктүү өлчөмдөгү 1,5 (Кз) ставкасы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлеринин бирдиктүү өлчөмдөгү ставкаларынын мыйзам чегинде аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |