Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 5
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №357 чыгыш сандуу Ак-Таш айылынын дыйкандарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Савай каналынан насос аркылуу сугат суу тартуу жөнүндөгү чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси М.Сабиржановдун Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылын аралап өткөн Савай каналынан насос аркылуу дыйкандарга кошумча сугат суу менен камсыз кылуу боюнча насос орнотулуучу жана насос аркылуу келген суу куюлуучу жердин багытын өзгөртүүгө уруксат сураган билдирүүсүн терең карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы №72 контурундагы сугат айдоо жалпы аянты 21,06 га анын ичинен суралганы 0,38 га жер тилкесин Савай каналынан насос аркылуу сугат суу тартуу боюнча насос орнотулуучу жана насос аркылуу суу куюлуучу жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча Мамлекеттик агенттиктин, ”Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча Мамлекеттик ишканасы Ош филиалынын 2025-жылдын 04-апрелиндеги №01-8-608 чыгыш катынын негизинде мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |