Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 6
Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылынын №2 деп аталган көчөнү экиге бөлүп ат коюу жөнүндө Жарооз айылынын №2 көчөсүнүн 2025-жылдын 18-июнундагы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Жарооз айылынын айыл башчысы А.Абсатаровдун айылда мурдагы №2 көчөсүн экиге бөлүп №2 көчөгө эмгектин ардагери маркум Төрөкулов Эшим атанын ысымын ыйгаруу жөнүндө айылдын тургундарынын элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1-пунктунун, ”Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин ”Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 6-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылындагы №2 көчөсүнүн 2025-жылдын 18-июнундагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин жана айылдагы №2 көчөнүн атын өзгөртүп, эмгектин ардагери маркум Төрөкулов Эшим атанын ысымы ыйгарылсын.
2. Төрөкулов Эшим ата атындагы көчөнүн чек аралары Кара-Суу Өзгөн чоң трассасынан жарооз айылына кесилишкен кире берүүчү жердеги түштүк жагынан баруучу, чыгыш жагынан сол жак бети башталышы Эшимов Айбектин үйүнөн Мусанова Бактыгүлдүн үйүнө чейин, оң жак бети С.Жусуев мектебинен акыры Ибрагимова Дилбардын үйүнө чейин аякталсын.
3. Көчөгө баруучу жерден баш аягына “Төрөкулов Эшим ата атындагы көчөсү” деген белги, катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү жагы Эшимовдордун үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
5. Жер ресустары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынан башкы планга киргизип каттоо жагы суралсын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |