Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 7
Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылынын №2 деп аталган көчөнү экиге бөлүп ат коюу жөнүндө Жарооз айылынын №2а көчөсүнүн 2025-жылдын 18-июнундагы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Жарооз айылынын айыл башчысы А.Абсатаровдун айылда мурдагы №2 көчөсүн экиге бөлүп №2а көчөгө эмгектин ардагери маркум Абсатаров Рысбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө айылдын тургундарынын элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып,аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1-пунктунун, ”Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин ”Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 6-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылындагы №2а көчөсүнүн 2025-жылдын 18-июнундагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин жана айылдагы №2а көчөнүн атын өзгөртүп, эмгектин ардагери маркум Абсатаров Рысбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Абсатаров Рысбек атындагы көчөнүн чек аралары Жарооз айылындагы Төрөкулов Эшим ата көчөнүн оң жак бетинен батыш жактан мурдагы №2 көчөнүн чыгыш жагынан, оң жак бетинен Саипов Бекназардын үйүнөн башталып Ибрагимов Маматжандын үйүнө чейин,сол жак бети Кенжекулов Чынгыздын үйүнөн башталып Колдошов Батырдын үйүнө чейин аякталсын.
3. Көчөгө баруучу жерден баш аягына “Абсатаров Рысбек атындагы көчөсү” деген белги, катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү жагы Абсатаровдордун үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
5. Жер ресустары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынан башкы планга киргизип каттоо жагы суралсын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |