Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 8
Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылындагы аты жок бош көчөгө ат коюу жөнүндө айылдын тургундарынын 2025-жылдын 16-июнундагы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Кенжекул айылынын айыл башчысы А.Халмурзаевдин Кенжекул айылында бир бош көчөгө эмгектин ветераны маркум Досонов Адылдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2025-жылдын 16-июнундагы элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1-пунктунун, ”Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин ”Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьектерди оңдоо, атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 6-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылдагы бош көчөгө айылдын тургундарынын 2025-жылдын 16-июнундагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Досонов Адылдын атындагы көчөнүн чек аралары Кенжекул айылындагы Т.Курбанбаев атындагы көчөнүн батыш жагынан,сол жак бети Аптрапов Элдиярдын үйүнөн баштап Маткаримов Ганыбайдын үйүнө чейин аякталсын.
3. Көчөгө баруучу жерден баш аягына “Досонов Адыл атындагы көчөсү” деген белги,катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү жагы Досоновдордун үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
5. Жер ресустары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынан башкы планга киргизип каттоо жагы суралсын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |