Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын

I -кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 3

 

Элдик Курултай жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги ΙΙΙ Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык, Кыргызстан айылдык кеңешинин депутаттары өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрүн дайындоо жана жыйындарды өткөрүүнүн графигин бекитүү боюнча талкууга салып айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кезектеги ΙΙΙ Элдик Курултайдын делегаттарын айыл аймактарынан, шаарлардан шайлоонун тартиби жөнүндөгү 2-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде, Жумушчу топтун курамын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн дайындоо боюнча айылдык кеңештин комиссия курамы түзүлсүн:

• Н.Качкымбаева - комиссия төрайымы

• Б.Джаналиева - комиссия катчысы

мүчөлөрү:

• Э.Султанкулова - Айылдык кеңештин депутаты  

• А.Доронбеков      - Айылдык кеңештин депутаты  

• А.Иткараева         - Айылдык кеңештин депутаты  

• К.Станалиев         - Айылдык кеңештин депутаты  

• К.Дуйшенов          - Айылдык кеңештин депутаты  

• Ж.Алтеев               - Айыл аксакалдар сотунун мүчөсү

• Ж.Джанталиев     - Көк-Дөбө ,Манас айылдардын айыл башчысы

 

2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү график боюнча бекитилсин. (тиркелет)

 

 

Төрайым

 

Н.Качкымбаева

Кыргызстан айыл аймагынын тургундарынын

жыйындарын/чогулуштарын

өткөрүү боюнча графиги

№

Айылдын аталышы

Күнү

Сааты

1

Көк-Дөбө

4.12.2024

 10-00

2

Манас

4.12.2024

11:30

3

Талас

4.12.2024

13:30

4

Май

4.12.2024

15:00

5

Новодонецк

4.12.2024

15:00