Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 9
Ала-Тоо айылдык аймагына караштуу 3000 ден ашуун шайлоочусу бар шайлоо участкаларын бөлүп өзүнчө шайлоо участкаларын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын №5206 Гагарин шайлоо участыкасында, №5208 Жумушчу-дыйкан шайлоо участкасында, №5203 Ак-Таш шайлоо участкасында, №5204 Жылкелди шайлоо участкасында 3000 ден ашуун шайлоочусу болгондугуна байланыштуу өзүнчө бөлүп, Кашкар-Кыштак айылына Гагарин-2 жаңы шайлоо участка ачуу боюнча 2025-жылдын 10-июнунда Кашкар-Кыштак айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын №1 протоколунун негизинде, №5477 Барак шайлоо округуна №5203 Ак-Таш шайлоо округунун шайлоочуларын өткөрүү жөнүндөгү 2025-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн элдик жыйындын №1 протоколунун негизинде, Жылкелди айылына Ленин жаңы шайлоо участка ачуу боюнча 2025-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн элдик жыйындын №1 протоколунун негизинде Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Кашкар-Кыштак айылына жаңы Гагарин-2 шайлоо участкасын жана Жылкелди айылындагы №5204 шайлоо участкасынан сегиз көчөнүн шайлоочулары өзүнчө бөлүнүп, Ленин шайлоо участкасын ачууга макулдук берилсин.
2. Кашкар-Кыштак айылындагы №5206 Гагарин шайлоо участкасынын Кашкар-Кыштак айылынын көчөлөрүнүн шайлоочулары,№5208 Жумушчу-дыйкан шайлоо участкасынан Кашкар-Кыштак айылынын көчөлөрүнүн шайлоочулары өзүнчө бөлүнүп, Гагарин-2 өз алдынча шайлоо участогу катары белгиленсин.
3. Ак-Таш айылындагы №5203 шайлоо участкасынан төрт көчөнүн шайлоочулары өзүнчө бөлүнүп, №5477 Барак шайлоо участкасынын шайлоочулары катары белгиленсин.
4. Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди даярдоо жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |