Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 10
Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылынын жашоочусу Эрмек Алибаевдин арызынын негизинде 2025-жылдын 26-июнундагы айыл өкмөтүнүн №374/1 сандуу чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси М.Сабиржановдун Жылкелди айылынын тургуну Эрмек Алибаевдин Ош-Кара-Суу жолунун боюндагы мечиттин жанындагы жерди жашылдандырып көрктөндүрүү максатында аны ижарага берүү үчүн жазган арызында көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-июнундагы №374/1 чыгыш каты менен тааныштыргандан кийин аны карап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылынын борборунда жайгашкан Ош-Кара-Суу авто жолунун боюнда жайгашкан жер аянтын изилдеп толук тактап чыгып, андан кийин иш кагаздарын даярдап, ижарага келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн адистерине тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун бир нускасы айыл өкмөтүнө берилсин.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |