Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 11
Мөнөк айылындагы “Кызыл-кызгалдак”МЧББ мекемесинин жетекчиси Б.Кулматованын ВППООН (Бириккен улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы) тарабынан заманбап тамак бышыруучу эмеректер менен камсыз кылууну колго алуу жөнүндөгү билдирүүсү жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары Мөнөк айылынын “Кызыл-кызгалдак”МЧББ мекемесинин жетекчиси Б.Кулматованын билдирүүсүн угуп карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылындагы “Кызыл-кызгалдак”МЧББ сынын имаратына ВППООН (Бириккен улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы) тарабынан атайын проектинин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштерди тездетип жардам берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,балдар бакчасынын имаратын оңдоп түзөө иштеринин аяктагандыгы боюнча ВПООН менен тыгыз иш алып баруу жагы мекеменин жетекчиси Б.Кулматовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |