Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 12
Ала-Тоо айыл аймагындагы Кенжекул-Ош, Кызыл мехнат-Ош №150,151 каттамдарындагы микроавтобустардын жүргүнчүлөрдүн жол акысын көтөрүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттарына айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева жүргүнчүлөрдү тейлеген Кенжекул-Ош, Кызыл-мехнат-Ош багытындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген №150, 151 микроавтобустардын айдоочуларынын жазган арыздары менен тааныштырды. Депутаттар арызды карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген Кенжекул-Ош №151, №150 Кызыл-мехнат-Ош багытындагы каттамдардын жол акылары Кенжекул айылынан Ош шаарына чейин 25 сомдон, Кызыл-мехнат айылынан Ош шаарына чейин 25 сомдон ал эми Ош шаарына чейин мектеп окуучуларына 10 сомдон, Нариман айылына чейин барып келген окуучуларга 5 сомдон белгиленсин.
2. Жогорудагы №150,151 каттамдардагы микроавтобустардын айдоочулары ар дайым техникалык абалынын сапатын оң абалда кармап, техникалык кароодон өткөрүп, жүргүнчүлөрдү маданий жактан тейлөөсүн жакшыртып аларды ар дайым өз убагында жеткирип келүү жагы каттамдын айдоочуларына милдеттендирилсин.
3. Жүргүнчүлөрдү тейлеген айдоочулардын каттамдардын белгиленген убакытта кечиктирбей өз убагында камсыз кылуу жагы маршруттардын бригадирлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика комиссиясына жүктөлсүн
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |