Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 13
Айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктан алдын алуу жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет түзүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин депутаты Абдукулова Райкандын айыл аймагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, депутаттардын, коомдук уюмдардан аймакта үй-бүлөлүк, аялдар жана кыздарга, жаш өспүрүмдөргө жана ар түрдүү зомбулуктарды жоюуга алдын алуу боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесинин 22-пунктунун негизинде Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдында жергиликтүү комитет түзүү боюнча сунушун депутаттар кеңири талкуулап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдында Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 22-пунктунун негизинде жергиликтүү коомчулук тарабынан өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн коомдук негизде комитет түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Комитет туруктуу иштеген коллегалдуу органдын курамына,айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары баш болгон, коомдук уюмдар аялдар комитетинен, аксакалдар сотунан, ардагерлер кеңешинен, мектептерде соц.педагогдордон, айыл өкмөтүнүн соц.кызматкерлерден, медицина мекемелеринен, мекеме ишканалардын жетекчилеринен, депутаттардан, ички иштер бөлүмүнөн киргизүү сунушталсын жана бир ай ичинде аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |