Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 15
Ала-Тоо айыл аймагынын Бекжар айылында жаңыдан курулуп жаткан 50 (элүү) орундуу балдар бакчасына 2 (эки) тайпа ачуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айыл аймагынын Бекжар айылынын айыл башчысы Токтоболотов Мамадиндин Бекжар айылында жаңыдан курулуп жаткан 50 (элүү) орундуу балдар бакчасынын курулушу аяктап жаткандыктан айылдын тургундарынын балдарын тарбиялоо максатында эки тайпа ачууга жазган арыздарын тааныштыргандан кийин депутаттар сессияда карап чыгып, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Бекжар айылында жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасына айылдын тургундарынын балдарын тарбиялоо максатында 2 (эки) тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчасынын курулушун тездетип ишке киргизүүгө тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |