Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 16
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23-июнундагы №397 сунуш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси М.Сабиржановдун 2025-жылдын 23-июнундагы №397 сунуш катында көрсөтүлгөн айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылынан Жылкелди айылынын дыйкандарына сугат суу менен камсыз кылуучу каналдардын латоктору бузулуп, авариялык абалга келип калгандыктан ошол жерди (топурак менен толтуруп) калыбына келтирип, латок куюп, Жылкелди айылынын дыйкандарын тоскоолдуксуз сугат суу менен камсыз кылуу үчүн жардын айланасын жашылдандырып ишкерлерге конкурс аркылуу берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунуш катты депутаттар кеңири карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылында жайгашкан дыйкандарды агын суу менен өз убагында жеткирип камсыз кылуу максатында Кашкар-Кыштак айылы аркылуу өтүүчү каналдын латоктору бузулуп авариялык абалга келип жар болуп кеткендиктен ошол жерди (топурак менен толтуруп ), калыбына келтирип латок аркылуу суу жеткирүү үчүн атайын инвесторлор менен конкурс аркылуу иш алып барууга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери менен ал жердеги жардын жайгашкан аянтын, контурларын жана латок баруучу жердин узун туурасын так эсептеп чыгып, атайын конкурстун негизинде жеке жактар менен конкурс жарыялап өткөрүп, конкурсунтун жеңүүчүсүнө мыйзам чегинде белгиленген тарипте ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба , суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |