Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 1
Ала-Тоо айылдык аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республиксынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун Ала-Тоо айылдык округунун кеңешине келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын ылайык, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Тоо айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын протоколдору бекитилсин.
2. Ала-Тоо айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине көрсөтүлгөн төмөндөгү:
-№5602 Гагарин-2 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20;
-№5603 Ленин участкалык шайлоо комиссиясынын курамына -18 бекитип берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |