Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 2
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн экономикалык тармактарынын жана калкын 2025-2026-жылдарындагы күз-кыш мезгилине карата жылытуунун жүрүшү, айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Берикбаев Бактыбек Султанбековичтин күн тартибине коюлган маселе боюнча айыл аймагында 2025-2026-жылдарындагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча берген маалыматын угуп чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагы боюнча 2025-2026-күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча берген маалыматы негизинен канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдын экономикалык тармактарынын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча 2025-жылдын 18-июль айындагы чыгарылган №143 буйругунун негизинде иш алып барып,анын толук аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн №143 буйругунун №2 тиркемесиндеги аппарат кызматкерлери айыл башчыларынын курамынан түзүлгөн штабдын курамы менен жер-жерлерди дагы бир жолу карап күз-кыш мезгилине карата тоолук иштердин аткарылгандыгы жөнүндө толук,так маалыматты кийинки сессияда уктуруу жагы штабдын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук,жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |