Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын

II-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы № 7

 

Коопсуздук, тоскоолдук жараткан жана курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу жөнүндө

Жол бойлорундагы куурап адам өмүрүнө коопсуздук жараткан, электр чубалгыларына тоскоолдук кылганжана курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу маселесин талкуулап, Кыргызстан айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргызстан айылдык аймагына караштуу Талас айылдардагы жол бойунда куурап адам өмүрүнө коопсуздук жараткан, электр чубалгыларына тоскоолдук кылган жана курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигининин Талас регионалдык башкармалыгынын макулдашуусу менен жүргүзүлсүн;

 

2. Кыйылган тал-теректерди максаттуу пайдалануу айылдык аймактык комиссиясынын чечими менен жүргүзүлсүн;

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

Төрайым

 

Н.Качкымбаева