Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 3
Кара-Суу райондук финансы бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен киреше салыгынан түшкөн 2500,0 (эки миллион беш жүз) сом акча каражатты максаттуу бөлүштүрүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБөлүмүнүн башчысы Абдиллажанова Рабиянын 2025-жылдын 6 айындагы киреше салыгынан түшкөн 2500,0 (эки миллион беш жүз) сом акча каражатты максаттуу түрдө бөлүштүрүү жөнүндө маалыматын угуп, депутаттар кеңири карап чыгышып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айындагы киреше салыгынан түшкөн 2500,0 (эки миллион беш жүз) сом акча каражатты максаттуу түрдө бөлүштүрүлсүн.
2.Бөлүштүрүлгөн акча каражатты максаттуу бөлүштүрүү ФЭБөлүмүнүн башчысы Р.Абдиллажановага тапшырыллсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |