Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 5
Мады аймактык милиция бөлүмүнүн 2025-жылдын 14-июлундагы №20-12/4460 чыгыш сандуу каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын Мады аймактык милиция бөлүмүнүн 2025-жылдын 14-июлундагы №20-12/4460 чыгыш сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууда, Мады аймактык милиция бөлүмү тейлеген Ала-Тоо айыл аймакта укук бузууларды алдын алуу максатында коомдук жайларда, көчөлөргө жана эл көп чогулган жайларга тышкы видиокөзөмөлдөөчү анын ичинен жүз таануучу камераларды орнотуу, санариптештирүүнү камтып кеңейтүү, ошондой эле видео байкоо аркылуу кылмыштарга, коомдук тартипти бузган көрүнүштөргө жана жарандардын бейпилдигине шек келтирген окуяларга өз убагында бөгөт коюу максатында тез аранын ичинде Бек-жар айылынын Беш-мерген эс алуу жайына бурулган жолдун кесилишине орнотуп берүү боюнча сунушун тааныштыргандан кийин айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Бек-жар айылындагы эс алуу жайына бурулган жолдун кесилишине мүмкүнчүлүккө жараша видиокөзөмөлдөөчү жана жүз таануучу камераларды орнотуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Бул токтомдун бир нускасы Мады аймактык милиция бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |