Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 6
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 27-июнундагы №03/1920 чыгыш сандуу каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары жооптуу катчы С.Т.Топчубаеванын Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнү 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө ПЖ №305 жарлыгынын 5-пунктунун негизинде аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу, аны айылдык кенештин сессиясында бекитип, токтомду Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына берүү жөнүндөгү 2025-жылдын 27-июнундагы №03/1920 чыгыш каты менен тааныштырды.Айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык тазалык ишканасында 2023-2025-жылдар мезгилине карата аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу айыл аймагындагы муниципалдык ишканасынын башчысы Газиев Хасанбайга милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевке жүктөлсүн.
3.Токтомдун түп нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |