Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 7
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №357/1 сандуу сунуш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №357/1 санду сунуш каты менен айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаев Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында №774, №775 контурунда жайгашкан үч гектар тогуз сотих жер аянтына кыш заводун курууга макулдук сураган сунуш каты менен тааныштырып,айылдык кеңештин депутаттары кеңири угуп,талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-июлундагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба ,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясынынын отурумунун №3 протоколу бекитилсин.
2.Ала-Тоо айыл аймагындагы Кайрагач айылындагы
№774 контурунда жайгашкан 2,87 (эки гектар сексен жети) сотих,
№ 775 контурунда жайгашкан 0,22 (жыйырма эки) сотих,
жалпы 3,09 (үч гектар тогуз) сотих жер аянтын кыш заводун курууга макулдук берилсин.
3.Кыш заводун куруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |