Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 8
Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылынын борборунда жайгашкан маданият үйүнүн кире бериштеги фаесин ижарага берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, жооптуу катчы С.Т.Топчубаеванын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан маданият үйүнүн кире бериш жериндеги фаесин айыл аймагында жашаган айылдардын жаштарын турмуш сапарына узатууда жана башка иш чараларды өткөрүү үчүн фото салон уюштуруп ал жерди ижарага берип жаштарды тейлөө борбор ачуу үчүн жазышкан арызы менен тааныштырып, арызды канаттандырууну сунуштады. Айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып, кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан маданият үйүнүн фаесине атайын айыл аймагында жашаган жашоочуларга фото салон ачуу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Айылдын тургуну Сатвалдиев Равшанбек Рахманжонович менен фото салон ачуу үчүн ижарага келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Келишимди мыйзам чегинде атайын шарттар менен берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |