Редакцияот 21.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын

III-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 21-майы № 17

 

Кыргызстан айылдык аймагына караштуу айылдардагы

“Таза Суунун” тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргызстан айылдык аймагына караштуу Көк-Дөбө, Манас жана Талас айылдарындагы Таза Суунун тарифтерин бекитүү боюнча МИ жетекчиси Ж.Омурзаковдун маалыматын угуп талкуулап Кыргызстан айылдык аймагынын айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргызстан айылдык аймагына караштуу айылдардагы жашоочулардын Таза суу пайдалангандыктары үчүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Көк-Дөбө, Манас, Талас айылынын жашоочуларына: Таза суу пайдалангандыктары үчүн ар бир кожолуктан айы сайын 200 сомдон;

- Таза суунун бир жан башына нормасы бекитилсин.(тиркеме № 1, тиркеме № 2)

2. Токтомдун негизинде иш алып баруулары ИСКАКБ башчыларына тапшырылсын:

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрайым

 

Н.Качкымбаева

 

 

Тиркеме № 1

Кыргызстан айылдык кенешинин

21.05.2025 № 17 –токтом

Кыргызстан айыл өкмөтүнүн таза суунун сарпталуучу болжолдуу

нормасы (малдарга)