Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 87
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 714 «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 627-т тескемеси менен жактырылган жана 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 900-т тескемеси менен жактырылган жана 2025-жылдын 31-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 714 «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Бишкек шаарынын мэриясына «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары – «РЦА Ливинг» ЖЧКсы) ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган шарттарда тооруктарды өткөрбөстөн Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-06-0035-0825, аянты 53,5057 га негизги жер участогун, ошондой эле Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан, идентификациялык коддору 1-01-06-0035-0838, 1-01-06-0035-0416, 1-01-06-0035-0464, жалпы аянты 0,8078 га кошумча жер участокторун (мындан ары – жер участогу) 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү сунушталсын.»;
2) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) «РЦА Ливинг» ЖЧКсы Инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык жер участогун пайдаланган бардык мезгил ичинде 67 000 000 (алтымыш жети миллион) АКШ доллары жана 1 011 529,58 (бир миллион он бир миң беш жүз жыйырма тогуз) АКШ доллары 58 цент өлчөмүндө сумманы Бишкек шаарынын бюджетине которот;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |